🔸Кыргызстан Жанылыктары

КР бийлиги Россиядагы мекендештерге 10 млн. сом жөнөтөт. Акча кандай бөлүштүрүлөт?

Түшкөн каражатты Москвадагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана активисттерден турган атайын комиссия келген арыздарга жараша бөлүштүрөт.

Кыргызстандын өкмөтү Россиядагы мекендештерге жардам берүү максатында 10 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилиги кабарлады.

Элчиликтин алдындагы штабга 25-апрелге карата төрт миллион сом каражат түшкөн. Маалым болгондой, мекендештерге акчалай жардам берүү каралган эмес.

“Түшкөн каражатты Москвадагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана активисттерден турган атайын комиссия келген арыздарга жараша бөлүштүрөт”, — деп айтылат маалыматта.

Акча кыргызстандыктардын жатаканасынын акысын төлөөгө жана COVID-19 жуктуруп алган бейтаптардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, жалгыз бой аялдардын, кош бойлуулардын, оор илдети барлардын керектүү тамак-ашын алып берүүгө керектелет.

“Элчиликтин алдындагы штаб келген ар бир сом коомчулуктун көзөмөлүндө болорун билдирди”, — деди дипөкүлчүлүк.

Төмөнкү телефондор аркылуу консультация алса болот:

  • +7 (499) 237-43-01;
  • +7 (499) 237-44-61;
  • +7 (925) 387-41-27;
  • +7 (925) 387-45-97 (WhatsApp).

Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 68 миңден ашты. Илдеттен 5568 киши айыкса, 615и көз жумду.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik Kyrgyzstan

Комментарий здесь