🔸Кыргызстан Жанылыктары

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Баасы дагы түшөрү айтылууда

Кыргызстандын нефтетрейдерлери бааны ар кандай баада ылдыйлатып келишет. Күйүүчү майдын наркы 1 сом 70 тыйынга чейин төмөндөп кеткен да күндөр болгон.

 Кыргызстанда күйүүчү майдын наркы болжол менен бир сомго ылдыйлады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, буга дүң баанын төмөндөп кетиши себеп болду. Майдын башында күйүүчү майдын наркы дагы бир сомго түшүшү божомолдонууда.

Маалыматка караганда, дизель майы бир сомго арзандаган. Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин айрым жерлерде 30 тыйынга арзандаса, кээ бир май куюучу жайларда бир сомго чейин арзан сатылууда. Ал эми АИ-95 күйүүчү майы 1 сомдон 1 сом 70 тыйынга чейин ылдыйлаган

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik Kyrgyzstan

Комментарий здесь