🔸Кыргызстан Жанылыктары

COVID-19 жуктурган өтө оор абалдагы адамды дарылоого 118 миң сомдой сарпталууда

Министрдин айтымында, дарылоо оорунун түрүнө жараша жеӊил, орто, оор жана өтө оор болуп төрткө бөлүнөт.

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов коронавирус жуктуруп алган ар бир бейтапты дарылоого кеткен чыгым боюнча түшүндүрмө берди.

Министрдин айтымында, дарылоо оорунун түрүнө жараша жеӊил, орто, оор жана өтө оор болуп төрткө бөлүнөт.

“Жеңил формасындагыларды дарылоого 7988 сом, орто абалдагы бейтаптарга 16 миӊ 370 сом, оор абалдагыларга 74 миӊ 764 сом, ал эми өтө оор абалда дарыланып жаткандарга 118 миӊ 807 сом бөлүнөт”, — деди министр.

Абдикаримов коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланарын айтып, бардыгы бюджеттен каржыланарын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус аныкталган бир бейтапты дарылоого болжол менен 3000 доллар сарпталып жатканын айткан. Бирок кийинчерээк министрлик анын сөзүн жокко чыгарган. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 665 учурга жетти. Анын ичинен 345и ооруканадан чыгарылса, 312си стационарда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды. Коронавирус өлкөдө сегиз адамдын өмүрүн алган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik Kyrgyzstan

Комментарий здесь